МБКда 2023-жылдын 1-кварталына карата Мамлекеттик бажы кызматынын укук коргоо ишинин жыйынтыгы боюнча ыкчам кеңешме болуп өттү
11.09.20240
Бүгүн, 2023-жылдын 19-апрелинде Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы С.С. Исабековдун төрагалыгы алдында МБКнын 2023-жылдын 1-кварталындагы укук коргоо органдарынын ишинин жыйынтыгы боюнча ыкчам кеңешме болуп өттү.
2023-жылдын 1-кварталында бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүмдөрү тарабынан бажы мыйзамдары жаатындагы укук бузуулардын жана кылмыштардын 1200 фактысы аныкталганы айтылды.
Анын ичинен укук бузуулар боюнча 1123 иш козголуп, жыйынтыгында 8,2 млн сом өлчөмүндө айыптык санкциялар өндүрүлгөн, анда укук бузуулар жөнүндө иштер жана алдын алуу иш-чаралары боюнча төлөнгөн бажы төлөмдөрүнүн жалпы суммасы 72,2 млн сомду түзгөн.
Отчёттук мезгилде бажы кылмыштарынын фактылары боюнча 77 кылмыш иши өткөрүп берилген, алар боюнча 66,1 млн сомдук зыяндын орду толтурулган. 1-кварталда бюджетке кошумча кирешелердин жалпы көлөмү 146,6 млн сомду түздү.
Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү маселеси боюнча, 2023-жылдын 1-кварталынын отчеттук мезгилинде бажы кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын көмөгү менен баңги кылмыштары боюнча 15 факты аныкталган.
Мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган баңги заттары:
-2 кг. 337 гр. «марихуана»;
-2 кг. 971 грамм «гашиш»;
Ыкчам кеңешменин жыйынтыгы боюнча Бажы кызматынын төрагасы С.С. Исабеков Мамлекеттик бажы кызматынын укук коргоо органдарынын 2023-жылдын 1-кварталындагы ишин канааттандыраарлык деп белгиледи.
Ошону менен бирге ведомствонун башчысы Кыргыз Республикасындагы ЕАЭБ аймагына товарларды жана транспорттук каражаттарды мыйзамсыз алып өтүү бөлүгүндө бажылык укук бузууларга жол бербөөнү, ыкчам-кызматтык ишмердүүлүк багыты боюнча аткаруучулук тартипти өзгөчө көзөмөлдөөнү, ошондой эле бажы органдарынын текшерип кароо бөлүмдөрүнүн БМЖКК багыты боюнча коюлган натыйжалуулуктун талаптарына көзөмөлдү жогорулатууну тапшырды.