«Манас» бажысы бажы мыйзамдарын бузуу фактысын аныктады

17.09.20246

      «Манас» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ аймагына келип жаткан товарларга жүргүзүлүп жаткан бажы контролунун алкагында ЕАЭБ бажы мыйзамдарын бузуу фактысы аныкталды.

  «А.» ЖЧК алуучунун дарегине авиа коштомо баракчасына ылайык, Бириккен Араб Эмираттарынан 72,5 килограмм салмактагы “микрофон системасы” товары келген.

  «А.» ЖЧКсы тарабынан товарларды бажылык декларациялоодо КНСти төлөөдөн качуу максатында туура эмес ТЭИ ТН коду коюлган. Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын суммасы 163 581 сомду түздү.

            Факт КБР МКЖ АДСке катталып, чогултулган материалдар маңызы боюнча кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.