Мамлекеттик бажы кызматында өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө Кара-Кыргыз автономиялуу областынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата салтанаттуу жыйын өттү

11.09.202412

 Бүгүн, 2024-жылдын 30-августунда, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук аппаратында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого карата салтанаттуу жыйын болуп өттү. Иш-чарага бажы кызматынын жетекчилиги, ардагерлер жана кызматкерлери катышты. 

 Салтанаттуу жыйындын жүрүшүндө Бажы кызматынын төрагасы С.С.Исабеков Мамлекеттик бажы кызматынын жалпы өздүк курамын өлкөнүн маанилүү майрамы, эгемендүүлүктүн 33 жылдыгы, ошондой эле Кара-Кыргыз автономиялуу областынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы менен куттуктады.

 «Мамлекеттин өнүгүшүнө жана анын жаркын келечегине башка мамлекеттик органдар менен катар бажы кызматы да өз салымын кошууда», - деп белгиледи ведомство башчысы.

 Мындан тышкары, С.Исабеков тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларына жагымдуу шарттарды түзүү жана тышкы соода жүгүртүүнү колдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди белгиледи. «Өлкө жетекчилигинин колдоосу жана бажы кызматынын кызматкерлеринин тапшырмаларды кесипкөй аткаруусу менен чоң натыйжаларга жетишилди», - деп белгиледи ведомство башчысы.

 Андан соң Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата бажы кызматынын бир катар кызматкерлери атайын наамдарды алышып, ведомстволук сыйлыктар менен сыйланышты.

 Жыйынтыктоочу бөлүгүндө Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы бардык өздүк курамга белгиленген бардык пландардын ийгиликтүү аткарылышын, чың ден соолук жана мындан аркы кесиптик өсүүнү каалады.