«Бедел-автожол» өткөрүү пунктунун ачылышы болуп өттү
11.09.202410
2024-жылдын 3-сентябрында Кытай Эл Республикасы менен Кыргыз Республикасынын башчыларынын ортосундагы макулдашуулардын алкагында Мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесинде жайгашкан «Бедел-автожол» өткөрүү пунктунун расмий ачылыш аземи болуп өттү.
Ачылышка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Б.Э.Төрөбаев, министрликтердин жана ведомстволордун, облустук администрациялардын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы С.С.Исабеков, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Ачылыш аземинини жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А.У.Жапаров жана Кытай Эл Республикасынын СУАР Партиялык комитетинин катчысы Ма Синьжуя видеокайрылуу форматында чыгып чыгып сүйлөштү.
Акылбек Жапаров өзүнүн видеокайрылуусунда «Бедел» өткөрмө пунктунун ачылышы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү үчүн тарыхый маанилүү окуя болуп саналарын жана бул иш-чараны ишке ашыруу эки мамлекеттин башчылары - Садыр Жапаров менен Си Цзиньпиндин макулдашуусунун аркасында мүмкүн болгонун белгиледи.
Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жаңы транспорттук коридор «Эркештам» жана «Торугарт» өткөрүү пункттары менен катар Кыргызстан менен Кытайды байланыштырган үчүнчү чоң дарбаза жана көпүрө болуп, мындан да тыгыз өз ара аракеттенүүгө жана учурдагы каттамдарды кеңейтүүгө өбөлгө түзөөрүн баса белгиледи.
Иш-чаранын алкагында тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери алдыдагы иштер боюнча презентация өткөрүштү. Өз кезегинде Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы С.Исабеков белгилегендей, аймактын жаратылыш-климаттык шарттарынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен толук кандуу өткөрүү пунктун куруу боюнча иш-чараларды 2025-жылдын май айында баштоо, 2027-жылы бүткөрүү пландалууда.
Бул долбоорду ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында бардык эл аралык талаптарга жооп берген заманбап жана үлгүлүү иштеген автоөтмөктөрдүн бирин куруу пландаштырылууда. Евразия экономикалык бирлигинде Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелеринин алкагында толук кандуу өткөрүү пунктун куруу боюнча иш-чаралар ишке ашырылганга чейин өткөрүү пункту убактылуу жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте иштейт, б.а. жеке колдонуу үчүн товарларды кошпогондо, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды өткөрбөстөн, адамдар жана жеңил транспорт каражаттары өтүү үчүн гана иштей тургандыгын белгилей кетүү маанилүү.