Бажы кызматынын кинологу Н.Гладкова кызматтык ити Герда менен КМШ өлкөлөрүнүн арасында чемпион болду

11.09.202416

    2024-жылдын 30-августунан 6-сентябрына чейин Татарстан Республикасынын Казань шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин бажы кызматтарынын кинологиялык түзүмдөрүнүн биринчилиги үчүн XII көп тараптуу мелдеши өттү. Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Россия жана Беларус өлкөлөрүнүн бажы кызматтарынын кинологиялык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери кызматтык иттери менен катышты. Алар 5 номнация боюнча ат салышты: жол жүктө, имараттын ичинде, жүк ташуучу унаада, жүргүнчү ташуучу унаада баңги каражаттарын издөө, баш ийүү.

 

 Иш-чаранын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кинологдор командасы 3 алтын, 2 күмүш жана 1 коло медалга ээ болушту. Мамлекеттик бажы кызматынын «Адистештирилген окутуу» бажысынын Кинологиялык даярдоо бөлүмүнүн улук инспектору Наталья Гладкова «Герда» аттуу кызматтык ити менен жеке эсепте 1-орунду ээлеп, КМШ өлкөлөрүнүн кинологдор арасында чемпион аталды. Ошондой эле «Адистештирилген окутуу» бажысынын кинологдору жалпы командалык үчүнчү орунду ээлешти.